• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда COVID-19 1 миң 334 адамдан табылып, 11 бейтап каза тапты. Соңку маалымат

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 16-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 334 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 702, Ош шаарында – 47, Чүй облусунда – 228, Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 49, Жалал-Абад облусунда – 79, Баткен облусунда – 118 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 163 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 674, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 157, Ош облусунда – 79, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда – 87 бейтап айыгып чыкты", - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 863 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 159 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 33 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 85 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 298 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 146 миң 292 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 122 миң 923 киши айыгып чыкса, 2 миң 154 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий