• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19 илдетин 75 бала жуктурган - бейтаптардын жаш курактары боюнча тизме

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 656 учур катталса, алардын 322си айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, коронавирусту 354 аял, 302 эркек жуктурган.

Илдетти 15 жашка чейинки 75 бала жуктурса, алардын ичинде бир жашка чейинки 4 ымыркай бар. Ал эми 16 жаштан 19 жашка чейин 18 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 179 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 239 жаран жана 55 жаштан жогорку 145 адам вируска чалдыккан.

Кыргызстанда стационарларда 326 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 12 бейтап оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Калган бейтаптардын абалы орто оор же канааттандыралык деп бааланууда.

Белгилей кетсек, 24-апрелге Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 172си медицина кызматкери. Илдеттен 322 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий