• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондордун көрсөткүчү эң жогорку эмес – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондордун көрсөткүчү эң жогору эмес. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Министрдин орун басары эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты.

“Өлкөдө каза болгондордун саны өсүп, COVID-19 илдетинен каза болгондордун көрсөткүчү эң жогорку деген маалымат туура эмес. Маселен, Литвада калктын 4,2%ы коронавирустан каза болгон. Ал эми Арменияда 1,8%, Латвияда 2,6% болсо, Кыргызстанда бул көрсөткүч 1,4%ды түзөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июлга карата коронавирус жана пневмония жуккан учурлардын саны 27 миң 143кө жетти. Илдеттен жалпы 13 миң 109 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1037ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий