• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандар үчүн 3,8 миң орун бар, анын 1,4 миңи бош

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн 55 стационарда 3 миң 800 орун даярдалган, анын ичинен 1 миң 423 орун бош. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орн басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, анын ичинен Бишкекте 1 миң 380 орун болсо анын 317и бош.

«Стационарларда дарыгерлер жана медайымдар жетиштүү. Кызыл зонада 380 дарыгер жана 624 медайым иштеп жатат. Стационарларда 4 миң 183 концентратор жана 384 дем алдыруу аппараты бар»,-деди Рахматуллаев.

«В стационарах врачей и медсестер достаточно. В красных зонах работают 380 врачей и 624 медсестры. В стационарах имеются 4 тыс. 183 концентратора и 384 аппарата ИВЛ», - дополнил Рахматуллаев.

Пикир

Оставить комментарий