• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандар үчүн “кызыл зоналар” ачылбайт

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн “кызыл зоналар” ачылбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Анара Мамбетисаева билдирди.

Анын айтымында, коронавируска кабылган бейтаптар өлкө аймагындагы жугуштуу оорулар бөлүмү бар ооруканаларда дарыланат.

“Вирус биздин жашообузга келип, түбөлүккө сакталат. Биз аны менен жашап, өзүбүздү коргоону үйрөнүшүбүз керек. Эң негизгиси алты ай сайын же бир жылда бир эмдөөдөн өтүү керек. Эгерде биз дайыма чектөөлөрду киргизип, баарын жаба берсек, бул экономикалык жактан кыйынга турат”, - деп кошумчалады ал.

Мамбетисаева өлкөдө коронавирус боюнча абал туруктуу экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий