• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын көбү аялдар

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда расмий түрдө COVID-19 коронавирустук инфекциясын 430 адам жуктургандыгы катталды.

Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, катталган учурлардын - 230у аял, 200ү эркек кишилер.

Алардын ичинен:

15 жашка чейинки балдар – 40,
Алардын ичинен 1 жашка чейин – 3 бала,
16 жаштан 19 жашка чейинки - 12 өспүрүм,
20 жаштан 35 жашка чейин -106 жаран,
35 жаштан 55 жашка чейин - 162 жаран,
55 жаштан жогорку – 110 жаран.

Белгилей кетсек, 14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 11 жаңы учур катталып, ооруга чалдыккандардын саны 430га жетти. Илдеттен 71 адам айыкса, вирус жуктурган 5 адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий