• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда коронавируска каршы 6 миң 814 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Республика боюнча акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 534 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, анын ичинен:

- Бишкек шаарында – 751 (бир суткада –123)

- Ош шаарында – 661 (бир суткада – 159)

- Чүй облусунда – 649 (бир суткада – 135)

- Ош облусунда - 2 481 (бир суткада – 337)

- Ысык-Көл облусунда – 144 (бир суткада – 484)

- Талас облусунда – 484 (бир суткада – 18)

- Нарын облусунда – 508 (бир суткада – 52)

- Жалал-Абад облусунда – 1059 (бир суткада – 495)

- Баткен облусунда - 183 (бир суткада – 71).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Вакцинага байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0(312) 546521, 0(312) 546104.

Пикир

Оставить комментарий