• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну майдын аягы жана июнь-июль айларында болушу күтүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын үчүнчү толкуну майдын аягында жана июнь-июль айларында болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Парламентаризм сабактары” программасына берген маегинде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкө 2020-жылы коронавирус инфекциясынын эки толкунун башынан өткөрдү.

“Оорунун биринчи толкуну июнь-июль айларына туура келди. Биздин өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин даяр болбогондугуна байланыштуу көп жоготууларга дуушар болдук. Экинчи толкуну октябрь-ноябрь айларында болду. Биз анда даярдыктарды көргөндүктөн, көп жоготууларсыз өткөрдүк. Оорунун үчүнчү толкуну 2021-жылдын май айынын аягында, июнь-июль айларында болушу күтүлүүдө. Анткени, ооруп айыккандардын антителолору 8 айдан 1 жылга чейин сакталат. Демек, бул жарандар ушул убакта вирусту алып жүрүүчү болуп калышы мүмкүн”, - деди ал.

Министр белгилегендей, учурда ведомство оорунун үчүнчү толкунуна даярданууда.

“Биз биринчи толкун учурунда кетирилген каталарды экинчи толкун убагында кайталаган жокпуз. Өзүңүздөр билгендей, оорунун биринчи толкуну учурунда ооруканаларда орундуктардын, дары-дармектердин, коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги сыяктуу маселелер келип чыккан. Анда айрым ишкерлер дары-дармектердин, жабдыктардын баасын бир топ көтөрүп ийген учурлар катталган. Азыр үчүнчү толкунга даярдануунун алкагында бардык ооруканаларда дары-дармектердин, коргонуучу каражаттардын 2-3 айга жетерлик запасы камдалды”, - деди министр.

Бейшеналиев баса белгилегендей, оорунун биринчи толкуну учурунда коргонуучу каражаттардын жетишсиздигинен 4 миң медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Каза болгондордун арасында белгилүү дарыгерлер, профессорлор болгон.

“Мурда өлкөдө тез жардам унаалары жетишсиз болгон. Ооруп жаткан адамдарды ыктыярчылар өздөрүнүн унаалары менен ооруканага жеткирген учурдар дагы болуп атты. Учурда өлкө тез жардам унаалары менен 90 пайызга камсыздалды”, - деп кошумчалады саламаттык сактоо министри.

Пикир

Оставить комментарий