• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда COVID-19дун жаңы индиялык «Дельта» штаммы болушу мүмкүн

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19тун индиялык жаңы «Дельта» штаммы болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, индиялык штамм өлкөдө жазында эле табылган, ошондуктан жаңы «Дельта» штаммы дагы болушу мүмкүн.

«Лабораториялык анализдер жакын арада келип калат, ал майда Новосибирсктеги (РФ) институтка жөнөтүлгөн. Анализдердин жыйынтыгы менен өлкөдө COVID-19дун кандай штаммдары бар экенин билүүгө болот. Азыр жаңы «Дельта» штаммынын канчалык деңгээлде жайылып жатканын аныктай албайбыз»,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий