• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу кырдаал көзөмөлдөнүүдө — Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу кырдаал көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир айда Бишкек жана Чүй облусунда ооруга кабылгандардын саны өскөн.

“Чектөөлөрдү киргизүүгө негиз жок. Жер-жерлерде санитардык дарыгерлер иштөөдө. Эгер чектөөлөрдү киргизсек, анда экономика жабыр тартат. Биз туристтик сезонго даярдык көрүшүбүз керек, Ысык-Көлдө стационарлар ачылууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий