• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19га каршы биринчи доза менен 1,4 млн адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га каршы биринчи доза менен 1,4 млн адам эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда, "Кабарда" өткөн маалыматтык жыйында КР ССМ Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Нет описания.

Коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи баскычы 2021-жылдын мартында башталган. Эмдөөлөрдү жайылтуу боюнча Улуттук планга ылайык, негизинен артыкчылыктуу топтор эмдөөдөн өтүштү - булар медицина кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, өнөкөт оорулары бар адамдар.

- Медицина кызматкерлерин экинчи доза менен камтуу 80% түздү.
- Билим берүү тармагынын кызматкерлерин камтуу - 80%.
- 60 жаштан жогорку курактагыларды экинчи доза менен камтуу 31% түздү.

  • Бүгүнкү күндө эмделгендер:

-биринчи доза менен 1 424 068 адам же 63%,
- экинчи доза менен 1 151 374 адам же 51%.

2021-жылдын 20-декабрынан тарта бүтүндөй республика боюнча мурда COVID-19 каршы эмдөөнүн биринчи курсун толук алган бардык каалоочу жарандарга бустердик доза менен иммундоо башталган. Учурда бустердик доза менен 110 миң 995 адам эмделген.

Пикир

Оставить комментарий