• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө маселеси боюнча Call-борбор түзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө маселеси боюнча Call-борбор түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, сурап-билүү кызматы Кыргызстандын улуттук кызыл ай коомунун колдоосу менен Республикалык иммунопрофилактикалык борбору жана Бишкек шаардык иммунопрофилактикалык борбору тарабынан түзүлдү.

Call-борбор күн сайын 08:00дон 18:00го чейин иштейт.

Сурап-билүү кызматына төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: 0312 32-31-27, 0312 54-65-21, 0500 30 32 23, 0500 30 33 43.

Эксперттер жарандарга COVID-19га каршы эмдөө кампаниясына байланыштуу бардык маселелер боюнча кеңеш беришет.

Пикир

Оставить комментарий