• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнүн электрондук сертификатын аралыктан алууга болот

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумунун жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин эксперттери мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу COVID-19 илдетине каршы эмдөө жөнүндөгү электрондук күбөлүгүн аралыктан алуу кызматын ишке киргизишти. Күбөлүктү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар дагы ала алышат.

Эмдөөнүн е-сертификатын алуу боюнча көрсөтмө:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик электрондук кызматтар порталына portal.tunduk.kg кирип, электрондук колтамга же eID аркылуу авторизациядан өтүңүз;

порталдан «Саламаттыкты сактоо» бөлүмүнө өтүп, «COVID-19 каршы эмдөө жөнүндө күбөлүк берүү» кызматын тандаңыз;

е-күбөлүк алуу үчүн «Арыз тапшыруу» баскычын басыңыз;

е-сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны басып чыгарууга же PDF форматында документ катары сактоого болот;

е-сертификатта документтин аныктыгын текшерүү үчүн QR код жана жүргүзүлгөн вакцинация жөнүндө маалымат камтылган.

Жакында эмдөөнүн электрондук сертификатын саламаттыкты сактоо мекемелеринде берүү үчүн «Эмделгендер реестри» маалымат тутумунда модуль иштелип чыгат. Бул модулдун жардамы менен жарандар медициналык мекемелерде басылып чыккан маалымкатты ала алышат - бул Мампортал аркылуу күбөлүк алууда кыйынчылыктарга туш болгон адамдар үчүн.

Маалымат үчүн:

Мамлекеттик портал - бул мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ар кандай электрондук кызматтарын алуу үчүн бирдиктүү аянтча. Мамлекеттик портал жарандардын күбөлүктөрдү жана документтерди алуу үчүн убактысын жана каржылык чыгымдарын үнөмдөйт, б.а. электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы аркылуу бардык социалдык мамилелерди үйдөн чыкпастан же дүйнөнүн каалаган жеринде эле жүргүзө аласыз.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн Мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) кызматтарды алуу үчүн авторизацияны төмөнкү жолдордун бири менен өтүү керек:

1. Электрондук кол тамга, ал Кыргыз Республикасынын Калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилет;

2. eID-карталар (2017-жылдагы үлгүдөгү паспорт), паспорттор үчүн окуу жабдыгы жана кирүү үчүн пароль болуусу керек.

Пикир

Оставить комментарий