• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат

COVID - 19 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 2021-2023-жылдарга карата COVID-19 менен күрөшүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жолугушууда учурдагы эпидемиологиялык абал жана өлкө аймагындагы коронавирустук инфекцияны жоюу боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар планы талкууланды.

Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекциянын жайылышынан коргоого системалуу мамиле уюштуруу зарылдыгын белгилеп, 2021-2023-жылдарга COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды, ал Программанын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштайт.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эле эмес, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттери да кирмекчи.

Пикир

Оставить комментарий