• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19га каршы ревакцинация декабрда башталат

COVID - 19 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га каршы ревакцинация декабрда башталат. Бул тууралуу “Сөздөн ишке” телеберүүсүнүн жүрүшүндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, канында антителолордун деңгээли 3 бирдиктен аз болгон жарандарга ревакцинация жүргүзүлөт.

“Жазында эмдөөдөн өткөн жарандардын бүгүнкү күндө ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар. Каалаган жарандар ИФА-тестинен өтүп, организмдеги антителолордун саны 3 бирдиктен аз болсо, ревакцинациядан өтө алышат”, - деди ал.

Саламаттык сактоо министри кошумчалагандай, өлкөдө эмдөө темпи өтө төмөн.

“Учурда максаттуу топтун 46 пайызы эмдөөнүн биринчи дозасын алса, экинчи дозасы менен 36 пайызы эмделди. Биз 2021-жылдын сентябрына чейин 1 миллиондон ашуун жаранды вакцинанын биринчи дозасы менен эмдөөнү пландаганбыз, бирок бул көрсөткүчкө жакында эле жетиштик. Өз кезегинде, вакцинанын экинчи дозасы менен бардыгы эмделген жок, кээ бир адамдар вакцинанын биринчи компонентин алгандан кийин ооруп калууда же чет өлкөгө учуп кетип, ошол жактан алууда. Жалпысынан Кыргызстанда калктын 44 пайызы толук эмделди десек болот”, - деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө 2021-жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө боюнча жалпы 1 млн 38 миң 427 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 817 миң 530 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий