• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны 112,2 миң жаран алды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 30-июнга карата COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 112 миң 289 жаран алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн суткада 3 миң 198 адам вакцинанын биринчи дозасын, 612си экинчи дозаны алышты.

“Республика боюнча 112 миң 289 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 78 миң 2 жаран вакцинанын экинчи дозасын сайдырды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий