• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесин 18,3 миң адам колдонду

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесин 18,3 миң адам колдонду. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.

Анын айтымында, 20-апрелге карата платформага Кыргызстандын 2 мамлекеттик, 4 жеке лабораториясы кошулган.

Белгилей кетсек, 1-марттан тарта Кыргызстан "COVID-19суз саякаттоо" санарип платформасына кошулган. Учурда аталган маалымат тутумуна Беларусь, Армения жана Россия кирген.

Пикир

Оставить комментарий