• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дүйнөдөгү эпос айтуучулардын башын бириктирген форум өткөрүү пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 23.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын октябрь, ноябрында “Туруктуу бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын” форумун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара эки этаптан турат. Биринчиси борбор калаада болсо, экинчиси 2022-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланган Каракол шаарында болот.

“Негизи эпос айтуучулук дүйнөдөгү континенттердин ичинен Евразияда эле бар экен. Анын ичинен тунгус, манжур, түрк, монгол тилдүү элдерге гана кездешет. Ал эми эпосту жаттабай, төгүп айтуучулук касиетке ээ болгондор көбүнчө бизге тектеш элдерде: сибир, монгол, тибетте сакталып келе жатат. Биз бир жыйын кылып, бири-бирибиз менен таанышып, көрүшүп тургандай кылып 2-3 жылда бир өтө турган форум болсо дейбиз. Айтуучулук өнөрдүн маанилүү экендигин баса белгилөө үчүн форумду негиздеп, туруктуу кылып, Кыргызстан милдетин алышын каалайбыз. Себеби кыргыз элинде айтуучулук классикалык жана салттуу түрү дагы бар”, - дейт ал.

Бакчиев белгилегендей, форумга хакас, шор, якут, тува, алтай, бурят, калмак, монгол, өзбек, тибет элдеринин келиши күтүлүүдө.

“Азербайжан, Түркия өлкөлөрүнө дагы кайрылуу жибердик, бирок аларда эпос айтуучулук жок. Алар көбүн эсе санат ырларды ырдайт. Ал эми Европада дагы эпостор бар болгону менен аны эбак эле китепке көчүрүп койгон. Айтуучулук болуп-болбогону дагы талаш. “Шахнаме” менен “Махабхарата” эпостору башка форматка өтүп кетишкен. Алар сахналашып, драмага басым жасалат.

Белгилей кетсек, аталган форумдун максаты — дүйнөдөгү айтуучулардын жана айтуучулук өнөрдүн бүгүнкү күндөгү коомдогу ордун жана озуйпаларын аныктоо.

Пикир

Оставить комментарий