• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда Дүйнө эпосторунун эл аралык VI фестивалы өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө эпосторунун эл аралык VI фестивалы башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Фестиваль улуттук аң-сезимди чыңдоо, эпикалык мурастарды глобалдык деңгээлде алып чыгуу жана жандандыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу тегерек стөлдө сөз сүйлөдү.

Ал иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук маданиятты, салттуу жана жалпы адамзаттык руханий-нравалык баалуулуктарды сактоо зарылчылыгын белгиледи.

«Ааламдашуу агымы көптөгөн баалуулуктарды четке кагуу менен бир катар улуттардын жок болуп кетүү коркунучунда турган учурда, азыркы муундун асыл милдеттеринин бири улуттук өзгөчөлүктү сактоо жана аны колдоого алуу болуп саналат», - деди Жылдыз Бакашова.

Белгилей кетсек, фестиваль эки компоненттен турат. Биринчи бөлүктө «Дүйнө элдеринин эпикалык салттары: мифологиялык семантиканы жана типологияны изилдөө аспектилери» аттуу илимий-практикалык симпозиум өткөрүлүп, анын натыйжасында дүйнө элдеринин эпикалык салттары кеңири талкууланмакчы, жыйынтыгында катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынат, ошондой эле «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу тегерек стөлү өтөт.

Экинчи компоненттин алкагында «Кыргыз Көчү» этнографиялык айылында «Мыкты боз үй», «Мыкты Семетейчи» жана дизайнерлер арасында «Саркеч көчмөн» сынагы өтөт.

Фестиваль 2021-жылдын 25-сентябрына чейин созулат жана концерттер жана улуттук оюндар менен коштолот. Иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.

Маалымдама: Эл аралык фестиваль 2006-жылы дүйнөлүк оозеки мурасты сактоонун инновациялык ыкмаларынын бири катары башталган.

Пикир

Оставить комментарий