• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дүлөй балдарга операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дүлөй болуп төрөлгөн балдарга операция жасалды. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оториноларинология бөлүмүнүн жетекчиси Чолпон Бейшеева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 3 операция, эртең дагы үчөөнү жасоо пландалууда

“Учурда операция жасалган балдардын абалы туруктуу жакшы. Алардын баары угуусу бузулуп төрөлгөн балдар, бирөөсү менингиттен соң угуусу начарлап кеткен. Балдар 1 жарым жаштан 3 жашка чейинкилер. Учурда импланттарды тигип бүтүштү. Балдар азырынча угуша элек, тил жабдыгын байланыштыруу калды”, - деди Чолпон Бейшеева.

Адистин айтымында, кохлеардык имплант 4төн 5 жумага чейин өрчүйт. Адамдын угуусунун бузулуусу канчалык эрте аныкталса, дарылоонун жыйынтыгы натыйжалуу болот. Мисалы, угуу бузулган учурдан баштап 8-10 жыл өтсө, имплантты колдонуу пайдасыз болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий