• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дүлөй жана жакшы укпаган адамдарга видеоматериалдар чыкты

Коом 0

Бишкек, 24.09.18 /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу дүлөй жана жакшы укпаган адамдар үчүн “Укук алиппеси” аталышындагы үйрөтүүчү видеоматериалдар жасалды. Ошондой эле Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен жазылган кодекстердин жана мыйзамдарын тексти чыгарылды.

Укуктук мүнөздөгү билим берүүчү материалдар “Плюс” коомдук фонду жана “Тең мүмкүнчүлүктөр” социалдык борбору тарабынан Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигинин туруктуу жеткиликтүүлүгүнө” долбоорунун колдоосу менен даярдалган.

“Укук алиппеси” видеороликтеринин циклинде жаңсоо тилинде түшүндүрмөлөрү менен төмөнкү темалар ачылган: Укук тууралуу жалпы түшүнүк, КРнын Конституциясы, Мамлекет, Соттук система, Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жөнгө салуучу эл аралык актылар, Никеге турууга мажбурлагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги, Жөлөк пул, Пенсия, Никеге туруу, Алименттер, Мураска калтыруу, Өз эрки менен патенттин негизинде ишкердик.

Андан тышкары көрүүсү бузулган адамдардын укуктук маалымат алууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен жазылган мыйзамдардын жана кодекстердин тексттери чыгарылды: Кылмыш кодекси, Кылмыш-процесстик кодекс, Жарандык-процесстик кодекс, Жоруктар тууралуу кодекс, Бузуулар тууралуу кодекс, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзам, “Мамлекет тарабынан кепилденген бекер юридикалык жардам” жөнүндө мыйзам, “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзам.

Брайлдын мыйзамдары жана кодекстери азиздердин республикалык китепканасына, Баялинов атындагы жаштар-балдар китепканасына жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттик китепканасына азиз адамдардын колдонуусу үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий