• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 1 047 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 1 миң 47 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 389 киши, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 117, Ош облусунда – 95, Нарын облусунда – 31, Ысык-Көл облусунда – 110, Жалал-Абад облусунда – 92, Талас облусунда – 52, Баткен облусунда 61 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда жалпы коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын саны 23 миң 343кө жетти.

Пикир

Оставить комментарий