• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 10 адам коронавирустан айыгып чыкты – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 10 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Ооруканадан дагы 10 адам үйүнө чыгарылды. Алардын анализдери оору жок деп көрсөттү. Ош облусунда 5 жана Жалал-Абад облусунда 5 адам. Ошентип ооруканадан айыгып чыккандардын саны 54кө жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий