• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал 23-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталганын, анын ичинен 10у медицина кызматкерлери экенин билдирди.

"Нарын облусунда – 6, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында 1 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Учурда өлкөдө медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 172ге жетти. Алардын ичинен 50сү дарыгер, калгандары орто жана кенже медицина кызматкерлери жана башка кызматта иштегендер", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-апрелге карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 656ны түзөт. Алардын ичинен 322 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий