• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал бүгүнкү күнгө карата 22 адам коронавирус жуктурганы аныкталса, анын ичинде 10у медицина кызматкерлери экенин билдирди.

"Жалал-Абад облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 3, Нарын шаарында – 1 жана Бишкекте 3 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Алардын үчөө дарыгер, калганы орто жана кенже медициналык кызматкерлер", - деди ал.

Учурда өлкөдө медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 157ге жетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 612ге жетет. Алардын ичинен 254 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий