• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 1031 киши коронавирустан айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 1 миң 31 киши коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, алардын ичинен 346 киши коронавирустан жана 685 адам пневмониядан айыккан.

Бишкек шаарында 365 киши, Ош шаарында – 117, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 79, Нарын облусунда – 36, Ысык-Көл облусунда – 149, Жалал-Абад облусунда – 109, Талас облусунда – 65, Баткен облусунда 33 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын саны 16791ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий