• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 12 адам коронавирустан айыкты – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 12 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда 23 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Министрдин айтымында, дагы 2 адам коронавирустан айыгып үйүнө чыгарылган. Учурда коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылгандардын саны 25ке жетет.

Ошондой эле министр билдиргендей, бүгүн Жалал-Абад облусунда оорудан айыккан 10 адамды бейтапканадан чыгаруу пландалууда.

"Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканасынан 10 адамды үйүнө чыгарабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270ке жетет. Алардын ичинен 35 адам коронавирустан айыккан – анын ичинен бүгүн 10 адам ооруканадан чыгарылат. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий