• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда дагы 12 киши коронавирустан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 12 киши коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 4 киши, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда 1 адам коронавирустан каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 409 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 420 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 36719ду түзөт. Алардын ичинен 27274 киши айыгып чыкты, 1409 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий