• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 15 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 1365

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 23-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 15 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 365 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында (3), Санкт-Петербургдан келгендер арасында да коронавирус аныкталды (9). Ошондой эле Чүй облусунда (1), Ош облусунда (1) жана Жалал-Абад облусунда (1) катталды", - дейт ал.

Анын маалыматына таянсак, 15 жаңы катталган учурдун, 10у сырттан келгендерден табылса, калганы оорулуулар менен байланышта болгондордун арасынан чыкты.

"Жүргүзгөн анализдин негизинде, COVID-19 вирусу көпчүлүк учурда чет өлкөдөн келген жарандарда тастыкталып жатат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий