• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 15 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 98

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Өткөн суткада 15 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 98ге жетти.

"Жаӊы учурлардын ичинен 3 медкызматкер Бишкек шаарында, 2 – Ош облусунда, 10 – Ош шаарында", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медиктердин арасынан коронавирус жуктуруп алган учурларды азайтууга бардык аракеттер көрүлүүдө.

Айта кетсек, COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган 98 медкызматкердин ичинен - Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 28, Жалал-Абад облусу – 8, Ош облусу – 20, Баткен облусу – 2, Чүй облусу – 1, Нарын облусунда – 6 кызматкер бар. Алардын 27си - дарыгерлер, 43ү - орто медперсонал, 23ү - кенже медперсонал, 5өө - Саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий