• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 155 адамга коронавирус жуккан, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 155 адамдан табылып, 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Бишкекте коронавирус – 42 адамдан, Ош обулсунда - 6, Чүй облусунда – 63, Ош облусунда - 12, Нарын облусунда - 6, Талас облусуда - 1, Ысык-Көл облусунда - 11, Жалал - Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 136 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 56, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 7 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деди Акматалиева.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы билдиргендей, акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Учурда стационарларда коронавирустан 708 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 44 адам дарыланууда. Ал эми акыркы сутка ичинде 2 миң 879 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Үй карантининен бир медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 161 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 67 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп кошумчалады Акматалиева.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 585 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 509 киши айыгып чыкса, 1 миң 394 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий