• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 16 бейтап коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 16 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 16 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бишкек шаарында Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасындагы 4, Жалал-Абад облусунда 12 бейтап коронавирустан айыкты. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 130га жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 506га жетет. Алардын ичинен 130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий