• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 79

COVID - 19 0


Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин коронавирус жуктуруп алган 16 учурунун тогузу Бишкекте, төртөө Ош облусунда, экөө Ош шаары жана бирөө Баткен облусунда катталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 79га жетти.

"Медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган учурлар өскөнү байкалууда. Коомчулукту да бул маселе кооптондуруп жатса керек. Акыркы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 22 миңден ашык медицина кызматкери бул илдетти жуктуруп алган. Биздин өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 79 болуп жатат. Мунун себептери да ар кандай болушу мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аналитикалык маалыматына таянсак, медицина кызматкерлери илдетти, бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүп жатканда же бейтаптар менен байланышта болгондор менен иштеп жатканда жугузуп алышы мүмкүн. Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алган ар бир учурун комиссия аркылуу изилдеп, карап жатабыз. Мен өзүмдүн кесиптештериме күнөө кое албайм. Мекен алдында, эл алдында кызмат кылам деп иштеп жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 419га жетет. Алардын ичинен 67 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий