• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 17 адамга коронавирус жукту. Жалпы 466

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 16-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 17 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 466 кишиге жетти.

"Жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында - 5, Ош облусунда - 1 жана Нарын облусунда - 11 адам бар. Алардын 7си аял, 10у эркек", - дейт ал.

2020-жылдын 16-апрелине карата тастыкталган 466 учурдун ичинен:

  • Жалал-Абад облусу – 93
  • Ош облусу – 131
  • Ош шаарында – 71
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек шаарында – 87
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусу – 45
  • Ысык-Көл облусунда – 6. Жалпы катталган учурлардын ичинен – 251 аял, 215 эркек.

Пикир

Оставить комментарий