• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 18 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 298

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 10-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 18 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 298 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 18 учурдун ичинен Бишкек шарында – 6, Чүй облусунун Кемин районунда – 6, Токмок шаарында – 1, Аламүдүн районунда – 1 учур, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда – 2, Жалал-Абад шаарында – 1, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда – 1 адам бар", - деп кошумчалады ал.

10-апрелге карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 298 учур катталды. Алардын ичинен:

  1. Жалал-Абад облусунда – 89,
  2. Ош облусунда – 98,
  3. Чүй облусунда – 15,
  4. Баткен облусунда – 4,
  5. Ош шаарында – 36,
  6. Бишкек шаарында– 42,
  7. Нарын облусунда – 10,
  8. Ысык-Көл облусунда – 4 учур бар.

Медицина кызматкерлери жалпы: 39, жаӊы – 5 учур. Катталган учурлардын ичинен: 154 –аял, 144 – эркек, жаӊы 18 учурдун ичинен 7 аял, 11 эркек.

Пикир

Оставить комментарий