• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 18 медик коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 18 медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 5 Ош шаарында 3, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 2 медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада 1 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3354 учур катталды, алардын ичинен 3069 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 7-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 298 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 97ни түзөт. Алардын ичинен 43 миң 798 киши айыгып чыкты, 1 миң 69 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий