• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 21 адамда коронавирус табылды. Жалпы 1138

COVID - 19 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 17-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 138 адамга жетти.

"Чет жактан кыргызстандыктар келип жаткандыгын билесиздер. Санкт-Петербургдан келген 10 жарандан коронавирус табылды. Учурда алар дарыланууда", - дейт ал.

Жаңы катталган 21 учурдун ичинен: Бишкек шаарында – 2 + 10 Санкт-Петербург шаарынан келгендерден, Чуй облусунда - 3, Нарын облусунда - 6 учур бар.

Пикир

Оставить комментарий