• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 22 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 612

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 22-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 22 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 612 адамга жетти.

"Жаңы катталган учурдун ичинде Бишкек шаарында - 10, Чүй облусунда - 2, Ош шаарында - 4, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 4 жана Нарын облусунда 1 учур бар", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий