• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 22 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 22 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 9, Чүй облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусу – 2, Талас облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 31 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 14, Чүй облусунда – 14, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 1 бейтап коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 киши каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуккан учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 179 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 251 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 210 киши айыгып чыкса, 1 миң 466 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий