• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 22 медиктен коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 22 медиктен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 2, Ош шаарында 3, Баткен облусунда 3, Ош облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3437 учур катталды, алардын ичинен 3089 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 12-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 298 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 528ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 522 киши айыгып чыкты, 1 миң 90 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий