• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 229 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 25-августка карата коронавирус дагы 229 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 102, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда - 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 260 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 794 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 590 киши айыгып чыкса, 2 миң 498 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий