• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 25 адамдын анализинен коронавирус табылды. Жалпы 656

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 24-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 25 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында - 6, Чүй облусунда - 4, Ош шаарында - 3, Ош облусунда - 3 жана Нарын облусунда - 6 учур бар.

Ошентип, 2020-жылдын 24-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 656 учур катталды. Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 172ге жетти (бүгүн + 10). Учурда стационарда – 326 бар, алардын ичинен реанимацияда – 5. 322 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий