• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 370

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 10, Нарын облусу – 6, Жалал-Абад облусу - 6, Ош облусу – 1, Ош шаары – 2 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 370ке жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ге жетти. Алардын ичинен 370 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий