• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 462

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 8, Нарын облусу – 6, Жалал-Абад облусу -1, Ош облусу – 4, Ысык-Көл облусу -1, Ош шаарында - 5 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 462ге жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын бардыгынын анализдери терс болуп чыкты", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 746га жетти. Алардын ичинен 462 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий