• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 26 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 1748

COVID - 19 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 31-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 26 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 748 адамга жетти.

"Бишкек шаарында - 7, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 12, Ош шаарында - 3 жана Ош облусунда - 1 жаңы учур катталды", - дейт ал.

Өлкөнүн башкы дарыгери маалымдагандай, катталган 26 учурдун ичинен экөөсү сырттан келгендер. Алардын бирөө оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу, экинчиси Россиядан энеси менен келген өспүрүм.

"Калган 23 учур тыгыз байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө турган адамдардын арасынан табылды. Бир учурдун кандай жагдайда жуккандыгы аныктала элек", - деп кошумчалады Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий