• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 795

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 3-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 26 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 795 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында (14), Ош облусунда (2), Чүй облусунда (9) жана Баткен облусунда (1) катталды", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий