• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус табылды. Жалпы 1871 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 3-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 26 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 871 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында - 16, Нарын облусунда - 7, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1 жана Баткен облусунда - 1", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий