• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда дагы 27 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда дагы 27 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, Бишкек шаарында − 7, Чүй облусунда − 7, Ош шаарында − 6, Ош облусунда − 3, Баткен облусунда −1 жана Ысык-Көл облусунда 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

“Стационарлардан бүгүнкү күнгө карата 6 медкызматкер оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды. Жалпысынан өлкө боюнча 739 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 420сы коронавирустан айыгып чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирус жуктурган 235 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4748ди түзөт. Алардын ичинен 2242 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 47 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий