• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 28 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 1845 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 28 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 845 адамга жетти.

"Сут ичинде Бишкек шаарында - 11, Нарын облусунда - 1 жана Ош шаарында - 16 жаңы учур катталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий