• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 28 медик коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 28 медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте - 8, Ош шаарында - 4, Ош облусунда - 5, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 9 медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада эки медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 294 учур катталды, алардын ичинен 3 029 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 215 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын жалпы саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий